Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Грузияда жүрөт

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева иш сапары менен Грузияда жүрөт. Муну бүгүн, 27-майда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жамашева Грузияга аталган өлкөнүн Жогорку Сотунун төрагасы Константин Кублашвилинин чакыруусу менен кеткени айтылды. "Иш сапардын алкагында кыргызстандык делегация Грузиянын Жогорку Сотунда, Юстициянын Жогорку Кеңешинде, Юстициянын Жогорку мектебинде болот. Соттордун төрагалары, Юстиция Кеңеши жана мектебинин өкүлдөрү менен жолугушуулар болору пландалууда. Иш сапар 30-майга чейин уланат",- деп айтылат маалыматта.
Феруза Жамашева менен кошо Жогорку Соттун судьясы Болотбек Акматов, Бишкектеги райондор аралык соттун төрайымы Гүлжан Эсеналиева жүргөнү айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан