Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары
Бөдөш Мамырова 2013-жылы 1 миллион 158 559 сом киреше тапкан. Муну депутат тапшырган декларациясында көрсөттү. Депутатка таандык 2003-жылы чыгарылган Ниссан Патфайндер автоунаасы бар. Депутат "кыймылсыз мүлкүм жок" дегендердин катарына кошулду. Мамырованын жакындары 61 чарчы метр батирге ээлик кылышат. Алардын жылдык кирешеси тууралуу документте маалымат көрсөтүлгөн жок.