Бишкек мэриясынын ыкчам аракеттенүү кызматына бир аптада 188 кайрылуу болду
2013-жылдын 4-11-январь күндөрү Бишкек мэриясынын ыкчам аракеттенүү кызматына 188 кайрылуу болгон. Алардын ичинен 88и катталса, 81 кайрылуу аткарылып, 7 кайрылуу аткарылган эмес. Кайрылган жарандардын көпчүлүгү электр энергия жана тазалык көйгөйүн айтышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.