Шайырбек Маматокторов "ОшТВнын" директору: "ОшТВны" улутташтыруу мүмкүн эмес"

"ОшТВ" телеканалы улутташтырылат" деген жалган сөз. Инвестицияларды коргоо мыйзамына ылайык, аны улутташтыруу таптакыр мүмкүн эмес. Бул тууралуу аталган телеканалдын директору Шайырбек Маматокторов бүгүн, 27-майда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, телеканалдын жаңы жетекчилиги аны мыйзамдуу сатып алган жана Юстиция министрлигинен каттоодон өткөргөн. 

Орусиялык ишкердин инвестициясын рейдерлик жол менен тартып алса, анда мамлекетибиз таптакыр укуктук талаадан чыгып, бандиттик эрежелер менен жашаган болуп калат. Бийлик төрт жыл бою эмнени күтүп отурду улутташтырбай? Эмне үчүн биринчи кожоюн экинчи кожоюнга мүлктү сатканда унчугушпайт? Экинчиси үчүнчү кишиге, орусиялык жаранга саткандан кийин ушундай чатак чыгып жатат. Бул эл аралык чатакка айланат, мамлекет ачык эле басып алып жатат”,- дейт Маматокторов.

Эскерте кетсек, Оштогу райондор аралык сот телеканалдын сатылышы мыйзамсыз болгону жана телеканалды мамлекеттин карамагына өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан