Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова 2013-жылы 903 262 сом маяна алган. Депутат муну тапшырган декларациясында көрсөттү. Султанбекованын былтыр тапкан кошумча кирешеси - 830 миң сом. Ошондо жалпы кирешеси - 1 миллион 733 262 сом. Кыймылсыз мүлкү булар:
Үй – аянты 33,6 чарчы метр
Үй – аянты 188,1 чарчы метр
Батир – аянты 81,4 чарчы метр
Батир – аянты 177,6 чарчы метр
Батир – аянты 138,9 чарчы метр
Жашай турган имараттын башка түрү – аянты 1134,3 чарчы метр
Дача – аянты көрсөтүлгөн эмес
Жашай турган имараттын башка түрү – 262,1 чарчы метр
Жашай турган имараттын башка түрү – 216 чарчы метр
Автоунаасы – Тойота Прадо (чыгарылган жылы көрсөтүлгөн эмес)
Депутат “Алай” мейманканасынын 100 пайыздык акциясынын ээси. Башка дагы 2 жашай турган турак жайдын 100 пайыздык акцияларына ээлик кылат.
Султанбекованын жакындарына таандык 70,1 чарчы метр жерди ээлеген бир батир бар.