Аламүдүн районунун тургуну "кошуна жашаган айымды сабап койгон" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Аламүдүн районунун жашоочусу Миргүл аттуу айым милиция бөлүмүнө кайрылып, белгисиз себептерден улам Бакыт аттуу кошунасы сабап салгандыгын билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан Бакыт аттуу 48 жаштагы жергиликтүү тургун шектүү катары кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, ага карата “ден соолукка атайылап залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.