Орусияда кыргызстандык жаран "20 жаштагы кызды сабап, зордуктаган" деп айыпталып 6,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 27-майда билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, Орусиянын курамындагы Коми Республикасынын Сыктывкар шаарында кыргызстандык Рустам Гафаров аттуу жаран кармалган. Белгилүү болгондой, ал 20 жаштагы жергиликтүү тургунду түндө көп кабаттуу үйдүн кире беришинен күтүп алып, аны сабап, күч колдонуп зордуктаган. Сотто Гафаровдун күнөөсү толугу менен далилденип, ал 6,5 жылга эркинен ажыратылды.