Бүгүн, 27-майда Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаевдин “Токтогул” романы – улуулардын мурасы" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Токтогул” романынын бет ачары болду.
Иш-чарага КРнын Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев улуу акын Токтогул менен Аалы Токомбаевдин небере-чөбөрөлөрү катышканын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Республика боюнча акыркы 3 айда 3 китеп жарык көрүп, маданият, китеп, адабият тармагы жанданып келе жатат” деген Каныбек Иманалиев улуулук тоо менен өлчөнө турган болсо, Токтогул менен Токомбаев эки залкар тоо экенин белгиледи. “Токтогул Сатылганов – элдик оозеки адабияттын эң таасын өкүлү болсо, Аалы Токомбаев – профессионалдык адабияттын эң таасын өкүлү”,- дейт депутат.
Өз маалында улуу акын Токтогулдун өмүрү жана чыгармачылыгына белгилүү жазуучулар кийлигишип, “Токтогул” романын жазып бүтпөй калганы, кечээ жакында Аалы Токомбаевдин небересинен кол жазмаларды топтоп, чаң баскан барактарга жан берилгени айтылды.