Мамлекеттик айыптоочу сот отурумунда Шахида Аманбаевага 13 жыл сурады

Бүгүн, 27-майда Чүй облустук сотунда 3,5 жылдан бир чечим чыкпай жаткан адам өлтүрүү фактысы боюнча сот отуруму болду. Анда жарыш сөздөр айтылды.   

Эске сала кетсек, 2010-жылдын 6-апрель күнү эртең менен Токмок шаарынын 1-кичи районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Рабига Жумабаеванын жансыз денеси табылган. Бул адам өлтүрүү фактысына шектүү делинип 1988-жылы туулган Урмат Аскеев, 1990-жылы туулган Алишер Жумашев, 1992-жылы туулган Шахида Аманбаева кармалган. Мына ошондон бери айыпталуучулар абакта соттун өкүмүн күтүп келишет. Буга чейин 2013-жылдын 12-декабрында Токмок шаардык соту жогоруда аты аталган айыпталуучуларды актаган. Бирок ал чечимге макул болбогон жабырлануучунун атасы доо арыз менен кайрылган. 2014-жылдын 20-май күнү Чүй облустук соту апелляциялык арызды карап, мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен сот отуруму 27-майга жылган болчу.  

Бүгүнкү сот отурумунун жүрүшүнөн:

Б.Догдурбеков, мамлекеттик айыптоочу:

- Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталып жаткан Урмат Аскеев, Алишер Жумашев, Шахида Аманбаеванын күнөөсү толугу менен далилденген. Тартылып алынган видеодо Аманбаева окуя кандайча болгонун көрсөтүп берип жатат. Биринчи инстанциядагы соттун чечими мыйзамсыз чыккан. Урматтуу судьялар, 2013-жылдын 12-декабрында чыккан өкүмдү жокко чыгарып берсеңиздер. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча күнөөлөнүп жаткан Урмат Аскеев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга, ал эми “адам өлтүрүүгө катыштыгы бар” деп күнөөлөнүп жатышкан Алишер Жумашев менен Шахида Аманбаева үй-мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылсын.

Сыдык Жумабаев, каза болгон Рабига Жумабаеванын атасы:

- Мамлекеттик айыптоочуну колдойм. Өткөн сот процесстеринде Шахидага бир канча суроо берейин дегем. Бирок ал жооп бере албады. Мен кызымды өлтүргөн адамды көргүм келет. (Ред. айыпталуучуларга карап) силер ачык айтпай, жашырып жатасыңар. Ким өлтүргөнүн айтып койгула, жаштык кылып жатасыңар. Урматтуу судьялар, жакшылап карап, бир чечим чыгарып бергиле. Менин кызым да көрүндө тынч жатсын. Кан коё бербейт.

Фемида Жумабаева, каза болгон Рабига Жумабаеванын эжеси:

- Рабига менен Урмат үйлөнөбүз деп жатышкан. Ал мага Шахида деген кыз менен жаман болуп жүргөнүн айткан. Менин Урмат Аскеевде доом жок. Шахида Аманбаева менен Алишер Жумашевди шектүү деп жатам. Болгону туура, адилет өкүм чыгарып берсеңиздер.

Асыл Тагаева, айыпталып жатышкан Алишер Жумашев менен Урмат Аскеевдин жактоочусу:

- Тергөө учурунда көп кемчиликтер кеткен. Суралган 32 күбөнүн бири да окуяны көргөн эмес. Урматтуу судьялар, адилет өкүм чыгарып бересиздер деген ишеничтебиз.

Күмүшбек Ыбыкеев, айыпталып жаткан Шахида Аманбаеванын жактоочусу:

- Айыпталуучулар каза болгон Рабига Жумабаевага душман эмес болушчу. Урмат Аскеев үйлөнөм деп жүргөн жигити, Алишер Жумашев коңшусу, Шахида Аманбаева дос кызы болгон. Бул жерде эч кандай кылмыштын мотиви жок. Алардын күнөөсү тергөө тарабынан такталган эмес. Күбөлөрдүн баары “шекшийбиз” дешкен. Жумабаеваны ким өлтүргөнүн эч ким көргөн эмес. “Шекшиймин” деген сөз далил болуп бере албайт. Тергөө начар, сапатсыз тергелген. Тергөөчү Өмүралиевге тийиштүү баа берилет деп ишенем. Биз биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырсын деп жатабыз.

Алишер Жумашев, айыпталуучу:

- Жактоочумду колдойм. Туура чечим чыгарып берсеңиздер.

Шахида Аманбаева, айыпталуучу:    

- Мен да жактоочуну колдойм.

Жарыш сөздөр айтылган соң, соттук коллегия акыркы чечим чыгаруу күнүн 29-майга белгилешти.

Мамлекеттик айыптоочу соттон Шахида Аманбаевага 13 жыл сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jalguzum
2014-05-27 16:05:25
Шахида Аманбаевага ким жооп берет экен ден соолугуна. Басалбай суйлой да албай калыптыр.
+4
shiko
2014-05-28 03:12:14
jalguzum, акчаны алышып алчулардан анан булбайкушту камашат ансыз да оорукчан болуп калыптыр
0
Aipri
2014-05-27 17:32:34
Жаратканым сактасын. Бирок чынында бироодун чырактай кызын ким олтургонун ачыкка чыгарышы керек да. Учоонун бироосу эле олтурду да.
-1
Made_in_Mama
2014-05-27 19:08:03
Aipri, Шахида олтургон убакта деле ал жооп берди ашыгы м.н. Турмого камалып чыккандар бир татына жашоосун улантышат. А Шахида болсо оорукчан болуп калды. Омур бою бироонун кароосунда болот кол карап. Андан откон азап барбы?
0
Biinura
2014-05-27 18:57:49
Шахиданын кылмышка катышы толугу менен далилденсе сот адилеттуу чечим чыгарат деген ойдомун. Бирок Шахиданы ушундай абалга жеткирген милиция кызматкерлери да жоопко тартылышы керек. Тиешелуу жазаны отоого Шахиданын ден-соолугун тикелеш керек.
+3
Made_in_Mama
2014-05-27 19:10:22
Мен ойлойм Шахида куноолу болгону далилденсе уй камагына чыгарыш керек деп. Аны камап эч ким жыргап кетпейт. Адамдык сапатты бийик коюшса жакшы болмок.
0
Biinura
2014-05-27 19:21:24
Уважаемая редакция, прошу вас поподробнее написать мотив преступления ( если вам известно ). За что Рабигу убили? И что не поделили?
0
AIZAD
2014-05-27 20:21:48
Biinura, оюнузга толук кошулам!
0
admin_portal
2014-05-28 12:08:19
Biinura, Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз!
0
Begimkyz
2014-05-27 21:00:42
Биринчи кезекте ошол милицияларды жоопко тартыш керек. Батукаевке окшогондорду оздору качырып жиберишет да, аркасынан издемиш болушат. Алар канчалаган омурду кыйышкан.
+2
shiko
2014-05-28 03:13:28
Биздин сот милиция врачтарга такыр ишеним жок.Кудай сактасын деп эле отурам....тируунун олугуно айлантат булар
0
aidai88
2014-05-28 07:43:16
shiko, Булардын баарына акча берсен артындан чуркап,козунду карайт.Акча бербесен суйлогусу да келбейт,козунун кыры менен карап отот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан