Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча тийиштүү кызматтын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 11-январда мэр Иса Өмүркулов Бишкек шаардык архитектура жана курулуш кызматынын, шаардык экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда шаар башчысы борбордогу курулуш иштериндеги эреже бузуу фактыларын белгилеп, айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн документ берүүгө тыюу салуу керектигин кошумчалады. Жолугушууда ошондой эле шаарга курулуп баштаган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай тууралуу да маселе козголду. Мындан сырткары шаардагы өз билемдик менен курулган имараттар боюнча эч кандай чара көрүлбөй жатканын айтып, мындай көрүнүштөрдү жоюу керектигин баса белгиледи Өмүркулов.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан