Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети Улуттук банктын төрагалыгына Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды. Мындай чечим комитеттин 27-майдагы жыйынында кабыл алынды. Абдыгулов учурда аталган банктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат. Депутаттар анын банк системинде көп жылдык тажрыйбасы бар экенин белгилешти.