Абдырахман Маматалиев өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга бүт күчүн жумшай турганын айтты

“Милициянын кадыр-баркын көтөрө алсак гана элдин ишенимин кайтара алабыз”. Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 27-майда өкмөттүн алдындагы укук тартиби системин реформалоо жана өнүктүрүү кеңешинин жыйынында билдирди. Башталган реформанын алкагында коомчулук менен укук коргоо органдарынын тыгыз иштешин камсыздай турган механизм түзүлүшү керектигин белгиледи вице-премьер.  

“Элдин милицияга болгон ишенимин кайтаруу оңой эмес. Бул багытта бир катар карама-каршылыктарга туш болобуз. Анткени азыркы системди колдоп, мыйзамга каршы иштөө менен жоопкерчиликтен качкандар аз эмес. Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга бардык күчүн жумшайт. Ишенимдүү айта алам, бул долбоор сөзсүз ишке кирет”,- деп билдирди Маматалиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан