Бүгүн, 27-майда Ош шаарындагы Самидин Алымкулов атындагы орто мектепте шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Озгур айылынын тургундары менен жолугушту. Тургундар айылдагы курулушу башталып, бирок бүтпөй калган мектепти бүткөрүп берүүнү суранышты. Ичүүчү суу көйгөйлөрү да айтылды.