Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 27-майдагы жыйынында КРнын Өкмөтү менен Европа биримдигинин ортосундагы "Айыл инфраструктурасын жана социалдык интеграцияны өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө келишимге толуктоолордун долбоору каралды.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү Максатбек Дыйкановдун айтымында, аталган келишимге ылайык, Баткендеги Көк-Талаа – Пүлгөн унаа жолунун 14,7 чакырымын оңдоого 8,6 миллион евро гранттык каражат бөлүнгөн. Бирок келишимде жолго асфальт төшөөгө акча каралган эмес. Ошондуктан Кыргызстан калган жумушту аяктап, кошумча 5 миллион евро бөлүүдө.
"Автожолго асфальт төшөөдө (Ош - Баткен - Исфана автожолуна) 1,7 миллион евро үнөмдөлдү. Ошондуктан келишимге ал каражатты Көк-Талаа – Пүлгөн участогундагы жолду бүткөрүүгө жумшоо жана долбоорду 9 айга узартуу тууралуу толуктоолор киргизилип жатат",- дейт Дыйканов.
Жыйынтыгында демилге колдоого ээ болду.