Ошто бүгүн, 27-майда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Нааразычылык көрсөткөндөр «Салянова Батукаевди бошоткондугу үчүн эл алдында жооп берсин!», «Башкы прокуратура мыйзамды көзөмөлдөө ордуна атуулдардын укугун тебелөөдө!», «Бийлик элдин үнүн угуп, элдин талабын аткарсын!», «Кумтөр» - кыргыз элинин байлыгы!», «Ташиев, Мамытов жана Жапаров - чындыкты айткан эл баатырлары» деген лозунгдарды көтөрүп турушат" деп билдирди.
Белгилүү болгондой, митингге чогулгандар менен Ош ОИИБинин өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, чогулган элди тынчтыкка үгүтөө менен топтолгон элден таркап кетүүнү суранып кетти.
Манас Аттокуров: "Ахматбек Келдибековду бошотконго чейин канча күн болсо да турабыз. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү, депутаттары, райондун акими келсин, эл менен жолугушуу өткөрүп, элдин үнүн угушсун. Эгер кечки саат 18:00гө чейин келбесе, анда биз аргасыз Ош - Эркеч-Там автожолун жабабыз",- деди.
Коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча 200гө жакын милиция кызматкери тартылган. Болжол менен саат 15:10дон бери Ош - Эркеч-Там автоунаа жолунун Алай районунун Тамчы участкасында А.Келдибековдун жүзгө жакын тарапкери тарабынан жол жабылып турат. Укук коргоо органдарынын жетекчилери жол тоскондор менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.