Мамлекеттик кадр кызматы бүгүн, 27-майда Чүй районундагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү. Муну мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Иш-чара Ак-Бешим айыл өкмөтүндө өтүп, ага 8 айыл өкмөт башчыларынын жооптуу катчылары катышыптыр. “Анда муниципалдык кызматтардагы бош орундар үчүн сынак өткөрүүнүн тартиби боюнча түшүндүрмө берилди. Айыл өкмөттөрүнүн иши боюнча тажрыйба алмашуу болду”,- деп айтылат маалыматта.