Бишкектин “Батыш” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым көчөлөрдө жарыкка чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Түндүк электр” ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, эртең, 12-январь түнү саат 00:00дөн 06:00гө чейин электр берүү Рыскулов, Фучик, Интергельпо, Шевченко, Ремеслен көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт.