Бүгүн, 27-майда Ахматбек Келдибековду жактап чыккан митингчилер түштөн кийин Алай районунда Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосушту. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматкери Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Айтымында, укук коргоо органдарынын жетекчилери жол тоскондор менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Келдибековду колдоп митингге чыккандар "Аида Салянова (башкы прокурор) Азиз Батукаевди бошоткондугу үчүн эл алдында жооп берсин!", "Башкы прокуратура мыйзамды көзөмөлдөө ордуна атуулдардын укугун тебелөөдө!", "Бийлик элдин үнүн угуп, элдин талабын аткарсын!", "Кумтөр" - кыргыз элинин байлыгы!", "Ташиев, Мамытов жана Жапаров - чындыкты айткан эл баатырлары" деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушканы айтылды.