“Өзүм өзүмдү өлтүрөм” деп коркуткан кыргызстандык Орусиядан мекенине алынып келинди

2014-жылдын 23-майында Орусиянын Миграция кызматынын кызматкерлери өздүгүн аныктаган документи жок кыргызстандыкты кармап, анын федералдык издөөдө жүргөнүн аныкташты. Бул тууралуу кечээ, 26-майда Орусиянын Челябинск облусунун Сот аткаруучулар кызматынын федералдык башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалым болгондой, ал өз мекенин аймагында болгон кылмыштар (уюмдашкан топ тарабынан жасалган алдамчылык; жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды даярдоо, сатуу жана колдонуу) боюнча шектелген.

Орусиянын сотунун токтомуна ылайык, ал Кыргызстанга жөнөтүлүүгө милдеттендирилген. Бирок соттун чечимин уккан соң ал “өзүмдү өзүм өлтүрөм” деп коркута баштаган. Мындан кийин сот аткаруучулар аны катуу көзөмөлдөөгө алышып, Челябинск – Ош учагы менен мекенине жеткиришкен. Кыргызстанда болсо аны жергиликтүү укук коргоочулар тосуп алышып, СИЗОго алып барышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
brend007
2014-05-27 17:15:23
Олтурсо олтуро бербейби. Пайдасы жок болгон сон
+7
Mamalagym.
2014-05-27 17:47:13
brend007,
Ал бала дагы бироонун чырагы ата энеси эмне болот. Балким ал бала олом деп коркутсам бошотот деп ойлогондур!
-1
brend007
2014-05-28 00:25:11
Mamalagym., Бальким. Ушуну коруп башкалар да олуп алам деп коркута баштасачы
0
Suke93
2014-05-27 22:51:13
Атасы болобу апасы болобу кысып эле ак эмгеги мн жашаса болбойбу.
0
aida2013
2014-05-28 00:33:03
эми сотторго коооооооооооооп акча берет да анан тез эле паспорт жасатып атын озгорткончо кайра росс кетип калат болуш керек анткени бизде эн башкы орунда акча турат го
+1
turgunbek
2014-05-28 01:08:06
Аиданын созуно жуз пайыз кошулам азыр бизде акча менен олумдон гана алып кала албайсын калганын баарын акчан болсо калтанда талтанда да талтанда
+1
gulperi.kg
2014-05-29 03:28:21
Бул дагы тагдырынан адашкан бир жан да Ар бир кылган куноосу учун жооп берээрин убагында ойлонбогон да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан