Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн, 27-майда “Кыргызстандын жарандарын биометриялык каттоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Депутат Абдыжапар Бекматовдун билдиришинче, биометриялык каттоодон өтүү өлкөдөгү бардык жарандардын милдети болууга тийиш. Аталган иш 2015-жылдын 1-августуна чейин аякташы керектиги айтылды.
Мыйзам долбоору комитетте колдоо тапты.