Бүгүн, 27-майда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков жана облус прокурору Айбек Тургунбаев митингге чыккандар менен жолугушуу үчүн Алай районуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев SUPER.KG порталына билдирди.
Учурда митингге чыккандар жамгыр жаап жаткандыгына байланыштуу тигилген боз үйлөрдүн ичинде отурушканы жана митингчилердин саны 150дөй экени айтылды.
Айта кетсек, Алайда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.