Донецк облусунун “элдик губернатору” Павел Губарев Украинанын жаңы президенти Пётр Порошенкого (сүрөттө) эки талап койду. Эгерде коюлган талаптарга Киев бийлиги макул болсо, Павел сүйлөшүүгө бара турганын чет элдик ММКлар жазып чыгышты.
Губаревдин айтымында, Порошенко коюлган талаптарды кабыл алышы керек жана эки тараптын сүйлөшүүсүнө ортомчулардын кажети жок.
Биринчи талап - "Донбасс Элдик Республикасынын" көз карандысыздыгын кабыл алуу. Экинчиси - көз карандысыз аймактан украиналык аскерлерди чыгарып кетүү.
Эскерте кетсек, апрель айынын башынан бери Киев бийлиги Украинанын түштүк-чыгышында жикчилдерге каршы антитеррордук операциясын улантууда. Бириккен Улуттар Уюмунун 20-майга берген маалыматына караганда, күч операциясынын жыйынтыгында 127 адам набыт кеткен.
26-майда Пётр Порошенко: “Мен операциянын улантылышын колдоого алам жана анын форматын өзгөртүүнү талап кылам. Ал кыска убакытта жана эффективдүү ишке ашышы керек”,- деп билдирген эле.