Премьер-министр Жоомарт Оторбаев быйыл Кыргызстан электр энергиясын экспорттобой, импорттой турганын эске салды. Муну өкмөт башчы бүгүн, 27-майда өткөн өнөктөштөр менен иштешүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында билдирди. “Өзүбүздөгү кубаттуулукка карабай өзүбүздүн экономикалык муктаждыгыбызды жабыш үчүн быйыл электр энергиясын экспорттоонун ордуна импорттойбуз”,- деди премьер.
Оторбаев тармактагы жоготууларды азайтуу, электр энергиясын бөлүштүрүүгө көзөмөлдүк кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.