Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 2013-жылы негизги иш ордунан 1 миллион 61 321 сом маяна алган. Маалымат депутаттын жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясынан алынды. Кошумча кирешеси - 309 480 сом. Ошондо депутат былтыр жалпы 1 миллион 370 801 сом киреше тааптыр. Абдылдаев 172 чарчы метр аянт үйгө ээлик кылат, “жеке менчик автоунаам жок” деген чиновниктердин катарында.
Депутаттын жакындарына караштуу 187 чарчы метр жерди ээлеген бир батир жана 2010-жылы чыгарылган Хундай Соната автоунаасы бар экени жазылуу документте.
Депутаттын 2012-жылкы кирешеси бул жакта.