Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Арипов 2013-жылы 853 057 сом маяна алыптыр. Депутаттын жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында ушундай деп көрсөтүлдү. Жеке менчик автоунаасы жок. Кыймылсыз мүлкү: 231,82 чарчы метр аянтты ээлеген административдик имарат (кеңсе). Башка эч нерсеси көрсөтүлгөн эмес.
Депутаттын жакындарына караштуу 147,3 чарчы метрлик бир үй бар. Алардын жылдык кирешеси боюнча да маалымат берилген жок.