Украинада 25-май күнү өткөн президенттик шайлоого байланыштуу ТИМ 27-майда билдирүү таратты. Анда "Кыргыз Республикасы президенттик шайлоолорду өткөрүү боюнча Украинанын аракеттерин кубаттайт жана бул өлкөнүн элинин эркине сый менен мамиле кылат" деп айтылат.
Ошондой эле "Украина элинин башынан өткөрүп жаткан окуяларды түшүнүү менен бул өткөн шайлоолор жалпы украин консенсусунун орноосунда, коомдук-саясий жана аймактык карама-каршылыктарды жеңип чыгууда өзүнүн позитивдүү ролун ойноп, ошондой эле өлкөнүн элинин кызыкчылыктарын эске алуу менен тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн жалпы улуттук диалогдун маанилүү шарты болот деп үмүттөнөт. КР мурдагысындай эле Украинадагы кризисти жөнгө салуу процессин жана тынчтыкты орнотуу маселелерин алга жылдыруу эл аралык укукту жана БУУнун уставын сактап, диалог жүргүзүү менен гана чечилиши керек деген пикирди карманып келет" деп айтылат ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.