Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын 2013-жылы алган маянасы - 739 955 сом. Тапшырган декларациясына таянсак, депутат былтыр мал бизнесинен 3 миллион 100 миң сом, ижара бизнесинен 4 миллион 500 миң сом киреше тапкан. Ошондо депутаттын былтыркы жалпы кирешеси 8 миллион 339 955 сомду түзөт.
Депутаттын кыймылсыз мүлктөрү булар:
Мейманкана – аянты 168 чарчы метр;
Кафе-бар – аянты 450 чарчы метр;
Жер тилкеси – аянты 54 чарчы метр;
Үй жер тилкеси менен – аянты 250 чарчы метр.
Автоунаасы – 2004-жылы чыгарылган Лексус GX470.
Аманбаева жакындарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат көрсөткөн эмес.