"Мекен шейиттери" уюму депутат Жылдыз Жолдошованын 7-апрель окуясы боюнча айткан сөздөрүн сынга алды
Бүгүн, 11-январда маалымат жыйын өткөргөн "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун өкүлдөрү депутат Жылдыз Жолдошованын айткан сөздөрүн, билдирүүлөрүн сынга алышты. Аталган уюмдун жетекчиси Осунбек Жамансариев: "2010-жылдагы 7-апрель окуясы менен 2012-жылдын 3-октябрындагы депутаттардын митингин салыштыруу мүмкүн эмес. Бул эки окуя асман менен жердей, экөөнү кантип салыштырууга болот?" деп уюмдун дагы бир мүчөсү Максат Батуков Жылдыз Жолдошова ошол 7-апрелде каза тапкан жигиттердин арты менен депутат болгонун айтты. Айта кетсек, депутат Жылдыз Жолдошова депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча "эгер Ак үйдүн тосмосун ашып өткөндүгү үчүн камакка ала турган болсо, анда 2010-жылдын 7-апрелиндеги митингчилерди да жоопко тартыш керек" деген билдирүүлөрдү айтып келет.