Абхазияда 10 миңден ашуун оппозиция өкүлдөрү Ак үйгө чабуул жасап жатышат

Абхазияда 10 миңден ашуун оппозиция өкүлдөрү өлкө башчынын имаратына чабуул жасап жатышат. Акциянын айрым катышуучулары президент имаратынын эшик-терезелерин талкалап, имарат ичине киришти. Бул тууралуу кечээ, 27-майда чет элдик ММКлар жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, оппозиция лидерлери президент Александр Анкваб менен сүйлөшүү үчүн анын иш бөлмөсүнө кирип кетишкен.

Оппозиция лидерлеринин бири Владимир Зантария бийликке болгон талаптарын айтты. “Биз өзүбүздүн үйүбүздө тартиптин болушуна аракет кылабыз. Бирок белгилеп кетким келет, Орусия менен Абхазиянын эки тараптуу мамилеси биз үчүн ыйык”.

Оппозиция Абхазиянын тышкы саясатында Орусия менен интеграция мамилесин жетишсиз деп күнөөлөп жатканын кошумчалады.

Буга чейин оппозициянын миңдеген тарапташтары Ак үй жанында президенттин жана өкмөттүн отставкага кетишин, ошондой эле алар коррупцияга каршы туруп, реформа өткөрүшүн талап кылышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан