Декларация: Депутат Курмантай Абдиев 2013-жылы 1 миллион 326 миң сом киреше тааптыр

Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиев 2013-жылы 977 419 сом маяна алган. Муну депутат жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөттү. Абдиев былтыр 348 840 сом пенсия алган. Ошондо депутаттын былтыркы жалпы кирешеси 1 миллион 326 259 сомду түзөт. Кыймылсыз мүлктөрү: 284 чарчы метр жерди ээлеген үй, 74 чарчы метр аянтты ээлеген мал сарайы, 8 гектар жер тилкеси, көп жылдык өсүмдүктөр (аянты көрсөтүлгөн эмес). Автоунаасы - 1989-жылы чыгарылган ГАЗ-53.

Абдиевдин жакындары 192 чарчы метр жерди ээлеген батирге ээлик кылышат. Алардын жылдык кирешеси тууралуу маалымат берилген эмес. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан