Декларация: Депутат Өмүрбек Абдрахманов “былтыркы кирешем 886 миң сом” дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов былтыр 833 225 сом маяна алганын тапшырган декларациясында көрсөттү. Документте депутаттын 2013-жылы 52 800 сом пенсия алганы жазылат. Ошондо депутаттын былтыркы жалпы кирешеси 886 025 сомду түзөт. Кыймылсыз мүлктөрү: 333 чарчы метр аянтты ээлеген дүкөндүн бир бөлүгү, 1078 чарчы метр аянтты ээлеген дүкөндүн бир бөлүгү. Автоунаалары: 2009-жылы чыгарылган Лексус 570, 2006-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр.

Абдрахмановдун жакындары былтыр 26 400 сом киреше тапса, 350 жана 300 чарчы метр аянтты ээлеген 2 үйгө, 120 чарчы метр жерди ээлеген дачага, 333 чарчы метр аянтты ээлеген дүкөндүн бир бөлүгүнө ээлик кылышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан