Декларация: Депутат Нурбек Алимбеков былтыр 682 911 сом киреше тапканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков 2013-жылы негизги иш ордунан 682 911 сом маяна алган. Муну депутат тапшырган декларациясында көрсөттү. Ага таандык 103,7 чарчы метрлик жер тилкеси бар. Депутат башка мүлктөрү тууралуу маалымат көрсөткөн эмес документте. Алимбековдун жакындары былтыр 4 миллион 596 миң сом киреше табышкан. Анын 96 миң сому айлык, 4 миллион 500 миң сому ишкердик аркылуу табылганы айтылды. Мүлктөрү: 675 чарчы метр жерди ээлеген үй, 52,5 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 2009-жылы чыгарылган Лексус 570, 2006-жылы чыгарылган Тойота Камри. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан