Жогорку Кеңештин депутаты Ташполот Балтабаев 2013-жылы жалпы 1 миллион 155 185 сом киреше тапкан. Мунун 975 924 сому маяна, 179 261 сому пенсия экенин депутат тапшырган декларациясында ачыктады. Мүлктөрү тууралуу маалымат берилген эмес. Балтабаевдин жакындары былтыр 62 857 сом киреше табышса, 300 жана 239 чарчы метр аянтты ээлеген имараттарга ээлик кылышат.