Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров 2013-жылы 913 778 сом маяна алган. Тапшырган декларациясына таянсак, депутат 1100 чарчы метрлик жер тилкесинин ээси. Үй-жайы, автоунаасы тууралуу депутат маалымат көрсөткөн эмес.
Бакировдун жакындары былтыр канча акча тапканы ачыкталган жок. Аларга таандык 56 чарчы метр аянтты ээлеген батир бар экени айтылды.