Парламент депутаты Абдыжапар Бекматов былтыр негизги иш ордунан 912 776 сом маяна алыптыр. Муну депутат тапшырган декларациясында көрсөттү. Кошумча кирешеси - 1 миллион 720 миң сом. Ошондо депутат былтыр жалпы 2 миллион 632 776 сом пайда тапкан. Кыймылсыз мүлктөрү: 0,08 гектар жер тилкеси жана үй, 0, 0395 гектар жер тилкеси, 0,05 гектар жер тилкеси. Бекматов “Керамика Шин Ху курулуш” компаниясынын 18 пайыздык акциясынын ээси.
Жакындары 22,5 чарчы метрлик контейнерге ээлик кылышат. Алардын жылдык кирешеси тууралуу документте маалымат көрсөтүлгөн жок.