Баткен районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады

Баткен облусунун Баткен районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 27-май күнү саат 17:10 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 241-чакырымында Хундай Портер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзүп алган. Анын кесепетинен унаанын жүргүнчүсү жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамды унаанын ичинен чыгарып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан