“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Кант шаарында болуп, шайлоочулардын көйгөйлөрүн угушту
Бүгүн, 11-январда ЖКнын “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун айрым айылдарынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Депутаттар Асия Сасыкбаева, Туратбек Мадылбеков, Наталья Никитенко шайлоочулардын бир катар социалдык көйгөйлөрүн угушту. Асия Сасыкбаева 2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан жасалган иштерди белгилеп, “Ата Мекен” фракциясы демилгелеген мыйзам, токтом долбоорлорунун, өткөрүлгөн маалымат жыйындар менен тегерек столдордун сандарын айтты. Ал эми парламентте талаш-тартыштар болуп турушу мыйзамдуу көрүнүш экенин айткан депутат Туратбек Мадылбеков акыйкат, чындык үчүн ар кандай талаш-тартыштар болуп, акыры бир чечим кабыл алына турганын айтты. Тургундар тарабынан айтылган көйгөйлөрдүн бири - Кант шаарында 5 мектептин бирөө гана кыргыз мектеп экени болду. Чогулган эл жок дегенде башталгыч кыргыз класстарын ачуу сунушун айтышты. Мындан сырткары жергиликтүү жашоочулар таза суу, электр кубаты жана ошондой эле каттоо маселелерин көтөрүштү. Жолугушуудан соң эл өкүлдөрү Кант шаарындагы жалгыз кыргыз мектеп болгон К.Рыскулов атындагы №2-мектептин чатырынан суу кирип, класстардын шыбы түшүп жатканын да көрүп чыгышты.