Ош облусунда селдин кесепетинен жабылган унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 26-май күнү саат 17:00 чамасында Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, Культцентр - Чөгөм - Загара унаа жолунун 1-5-чакырымдары сел калдыктарына толуп калган. Кечээ, 27-май күнү унаа жолун сел калдыктарынан тазалоого 1 грейдер тартылып, жол тазаланып, толугу менен ачылды.