КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-майда Бишкектеги Жал кичи районунда аскер кызматчылары үчүн курулган турак үйдүн ачкычын тапшыруу салтанатына катышууда. Ал мындан ары күч түзүмдөрү үчүн дагы 15 турак үй куруларын айтты.
"Кыш болобу, жай болобу, чек арачылар мамлекеттин чек арасын бекем сактап келишет. Элибизде туруктуулук болуш үчүн кызмат өтөшөт. Газ, жол көйгөйлөрү болобу, айтор, 23 жылдан бери бизде айрым чек ара маселелери чечилбей келгени белгилүү. Биздин чек араларыбыз достуктун чек арасы болушу керек. Кыргыз армиясына кызмат өтөгөндөр үчүн түштүктө 6, Бишкекте 9 турак үй курулат",- деди президент.