Кыргызстан менен Тажикстан өзгөчө кырдаалдар учурунда бирге аракеттенет  

Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-майда КРнын Өкмөтү менен Тажикстан өкмөтүнүн ортосундагы "Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, бул эл аралык келишимде табигый кырсыктар болгон учурда жана алардын кесепеттерин жоюу жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын бири-бирине жардам берүү шарттары камтылган. "Мыйзам долбоору эки тараптуу ратификацияланууга тийиш. Тармактык комитеттер тарабынан берилген бардык сунуштар эске алынды",- дейт ал.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, биринчи окуудан кийин кошумча сунуштар келип түшкөн эмес.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан