Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков Алайда митингге чыккан эл менен жолукпай Гүлчөдөн бери келе бергени айтылды

Кечээ, 27-майда өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Сооронбай Жээнбеков Алайда митингге чыккан эл менен жолугуу үчүн кетип, бирок ал жакка жетпегени жана Гүлчөдөн кайра келе бергени айтылды. Бул маалыматты бүгүн, 28-майда облустук администрациянын басма сөз кызматкери Шайлообек Козубаев ырастады.

Ал жол тоскондордун маанайы агрессивдүү абалда болуп турган белгилеп: "27-майда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков жана облус прокурору Айбек Тургунбаев митингге чыккандар менен жолугушуу үчүн Алай районуна жөнөп кетишкен болчу. Бирок аларга оперативдүү маалым түшкөн соң Гүлчөдөн эле кеңешме уюштурушуп кайра кайтып келишиптир. Ал эми эл менен жолугушууга Алай районунун акими Таалай Сарыбашов барган",- деп түшүндүрдү Шайлообек Козубаев. 

Учурда Алайда депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууга келишпесе, Ош - Эркеч-Там унаа жолун ачышпай турганын билдиришүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан