Кечээ, 27-майда Арабиядан келген жеке ишкер Зиалин Ниазини Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевдин кабыл алуусунда болду. 20 жылдан бери Жалал-Абад шаарындагы "Нур" ААКы менен бирге иш алып келе жаткан ишкер Жалал-Абадга чоң инвестиция тартуу ниетте экенин билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 28-майда билдирди.
Анын айтымында, эгерде жер маселеси чечилсе, 2 кабаттуу оорукана салынат. Мындай сунушту калаа башчысы колдоп, жер тилкесин көрсөтүү пландаштырыларын айтты. "Эгер долбоор иш жүзүнө ашып калса, шаар тургундарынын дагы бир көйгөйү чечилет",- деди Муктар Арапбаев.