Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдык сактоочу 92 жай бар. Муну парламенттин 28-майдагы жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Айтымында, өлкөдөгү “Миң-Куш” жана “Кажы-Сай” калдык сактоочу жайындагы коопсуздукту бекемдөө үчүн Орусиядан 500 миллион рубль каражат алынганы жатат. “Калдык сактоочу 92 жайдын 33ү биздин министрликтин карамагында, аларга биз жооп беребиз. Бул 33 жайдын баары кооптуу абалда”,- деп билдирди министр. Тийиштүү мыйзам долбоору 3 окууда добуш берүүгө жиберилди.