Кечээ, 27-май күнү кечинде Абхазияда 10 миңден ашуун оппозиция өкүлдөрү өлкө башчынын имаратын басып алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, учурда Сухуми шаарында оппозиция лидерлери баштаган митингчилер Ак үйдү өз көзөмөлүнө алышты. Ал эми аларга бийлик тарабынан эч кандай карама-каршылыктар болгон жок.
Буга чейин оппозиция лидерлери бийликти толугу менен колдоруна ала турганын билдиришкен.
Эскерте кетсек, оппозициянын миңдеген тарапташтары президент жана өкмөттүн отставкага кетишин, ошондой эле алар коррупцияга каршы туруп, реформа өткөрүшүн талап кылышканда өлкө башчысы Александр Анкваб өкмөттү отставкага кетире турганын айткан.