Жалал-Абад шаарында бир катар кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаардык эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын аймактык башкармалыгынын кызмат адамдарына, “Суу колдонуучулары” ассоциациясынын, “Д.” коомдук бирикмесинин жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-2013-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаардык эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары, “Суу колдонуучулары” ассоциациясынын жана “Д.” коомдук бирикмесинин жетекчилери менен кылмыштуу келишим түзүшүп, жасалма документ аркылуу 80 миң сом акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышкан. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан