Кыргызстан 22 жылдын ичинде курал-жарак сатып алууга акча бөлгөн жок. Муну бүгүн, 28-майдагы ЖКнын жыйынында коргоо министри Абибилла Кудайбердиев билдирди. Айта кетсек, жыйында КРнын Өкмөтү менен Европадагы Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун ортосундагы "Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралууда. Коргоо министринин айтымында, аталган долбоордун эсебинен бөлүнгөн акчага өлкөдөгү курал-жарак сактоочу 4 кампа оңдолуп, жаңы 3 кампа курулат. Ошондой эле курал-жарак жактан жардам алынат.