"Кыргызстанда колдонуу мөөнөтү бүтүп калган курал-жарактарды жок кылып жатабыз" деди коргоо министри
Жогорку Кеңеште бүгүн, 28-майда Бишкекте былтыр кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Европадагы Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун ортосундагы "Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин айтымында, демилге ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактоо кампаларын жаңылоого, ок-дарыларды сактоо ишине катышы бар адистердин билимин көтөрүүгө багытталган. Министр ушул кезге чейин ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды сактоо мөөнөтү жана аларды жок кылуу жолдору так аныкталбаганын айтты. "Эскирген курал-жарактар бар, аларды колдонуу өтө опурталдуу. Мисалы, атсаң ок башка жакка кетип калышы мүмкүн. Эскирген куралдарды жок кылууну улантып жатабыз. Ошондуктан бул программанын алкагында бир катар алгылыктуу иштерди жасаса болот",- дейт ал. Бул долбоорду ишке ашырууга ЕККУ 2 миллион 200 миң евро суммасында гранттык каражат бөлөт. Мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.