Мамлекеттик каттоо кызматында мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик сатып алуулар учурунда мыйзам бузулганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-жылы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Каттоо кызматынын көрсөтмөсүнүн негизинде калкты тейлөө борборлорун ачуу үчүн керектүү жабдуулардын тизмесин жана товарлардын техникалык мүнөздөмөсүн жөнөткөн. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын сатып алуулар бөлүмүнүн кызмат адамдары алар талаптарга жооп бербестигин айтышкан. Жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгында 1 миллион 183 миң сомго 50 принтер (ар бири 23 667 сомдон) сатылып алынган. Бирок кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 50 принтер талаптарга жооп бербегени аныкталган. Мунун негизинде мамлекет 787 миң сом зыян тарткан. Учурда “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан