Бишкекте бүгүн, 28-майда КРнын билим берүү системинин сапатына баа берүү боюнча талкуу өтүүдө. Ага билим берүү жана илим министри
Канат Садыков жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Талкуунун жүрүшүндө министр быйыл билим берүү тармагы жаңы окуу куралдары менен толукталарын айтты.
"Аалам өзгөрүп жатат. Биз эски китептерди таштай элекпиз. Азыркы тапта окутуунун жаңы стандарттары иштелип жатат. Негизги талап сан эмес, сапат",- деди Садыков.
Ошондой эле билим берүү системинде көйгөйлөр көп экендигин белгилеп, ал тоскоолдуктарды чечүү керектигин айтты.