Парламент депутаттары Кыргызстанда ок-дарыларды сактоо тармагындагы кызматкерлерди чет элден келген адистердин окутушу мамлекеттик сырга доо кетириши мүмкүн экенин айтышууда. Муну бүгүн, 28-майда ЖКда өкмөт менен Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун ортосундагы "Жеңил жана ок атуучу курал жана кадимки ок-дарылардын запасы боюнча программаны ишке ашырууга карата өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Бакыт Төрөбаев айтып чыкты. Айта кетсек, аталган программанын алкагында Кыргызстандагы ок-дарыларды сактоо ишине катышы бар кызматкерлердин билимин көтөрүү үчүн чет элден адистер келип сабак өтүшү каралган.
“Алар келип биздин кызматкерлерди окутушса, ок-дары сакталган кампаларыбызды ачып берсек, мамлекеттик сырга доо кетиши мүмкүн. Биздин канча куралыбыз, канча огубуз бар экенинин баарын билип алышпайбы? Улуттук коопсуздук деген бар”,- деди депутат.
Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев ага жол берилбей турганын, аскердик сырлар атайын мыйзамдар менен корголорун билдирди.
Мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.